Китепканадагы жашоо: Китепкана менин экинчи үйүм, окурмандар бир туугандарым

0
64

Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына 2018-жылы 553 китеп алынып келинген. Алар ар кайсы тилдеги жана ар тармактуу китептер.

Рахима Махмудова облустук китеп борборунда 1997-жылдан бери эмгектенип келет. Ал китеп кана экинчи үйү экенин айтып, окурмандар бир тууганындай болуп калганын белгилейт.
“Китепкана мен үчүн экинчи үйүм болуп калган. Окурмандар менен иштешүү абдан кызыктуу. Бир туугандарымдай эле болуп калган. Бизде окурмандарды тартуу макстында, көптөгөн массалык иш-чаралар да уюштурулуп келет. Китепканада жалпы 4 борбор 12 бөлүм 1 сектор жайгашкан. Бул жерде 41 кызматкер эмгектенет. Андан сырткары Америка элчилиги менен да тыгыз байланышта болуп, англис тилиндеги китептерди бизге жөнөтүп, бардык шарттары менен атайын Америка бурчу ачылган. Азыркы учурда китепканага бир күндө 500гө чукул окурман келет. Анын ичинде пенсионерлер, орто курактагылар бош убактысын ушул жерге келип, китеп окуп өткөрүшөт. Албетте студенттер да келбей койбойт. Көп бөлүгү жаштар болуп эсептелет. Жаштардын басымдуу болүгү жаны чыккан китептерди көбүрөөк окушат. Убакыттын өтүшү менен азыркы муун китеп менен жан дуйнөсүн байытууга убакыт таап, китеп окуп калышат”,-деди Рахима Махмудова.

Каарманыбыз учурда эл көп окуган китептерди дагы айтып берди.

“Учурда китепканага келген окурмандар А.Токомбаевдин Ч.Айтматовдун чыгармаларын көп сурашат. Азыркы учурда жазылып жаткан чыгармаларды сурагандар деле жок эмес. Ар бир чыгарманын өз окурманы бар. Окурман кайсыл китепти окуйм десе биз ал китептерди таап берүүгө аракет кылабыз. Бирок мыкты акын жазуучулардын китептери бизде жетишсиз. Айрым китептерди кезек менен алып окууга туура келет. Убакытты үнөмдөө максатында атайын электрондук китептер сунушталат. Айрым чыгармаларды электрондук негизде окушат”

Акыркы учурларда китепканаларга жаштардын ыгылуусу азайган. Китеп окурмандарынын азайуусу, социалдык тармактардын өнүгүп өсүшүнөн улам деп эксперттер тыянак чыгарышкан.

Китепканачы Рахима Махмудова китепканадан китеп алып окуу окурман үчүн жеңил экенин айтат.

“Китеп алуу үчүн ар бир окурман күндүк көзөмөл баракчасын алып кирет. Студенттер үчүн жылга 100 сом төлөп өзүнүн сүрөтү паспорту менен келсе каттоого алынып, кийин китеп алып окууга шарт түзүлөт. 10 күндөн 15 күнгө чейин китепти алып окуса болот. 1 күнгө китеп алып кетип, айткан күнү китепти алып клбесе 50 сом пайыз акча төлөөгө туура келет. Эгер ал кечигүү созула берсе ар-бир күнү үчүн 50 сомдон акча төлөйт”,-деп белгиледи ал.

Рахима Мухмудова китепканада иштегенине 22 жылдан ашкан. Учурда 60 жашта. Анын 1 уул 1 кызы бар.

Автор: Айганыш Туратбек кызы.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here