Райим Матраимовдун мүлкү текшериле баштады

0
55

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райим Матраимовдун мүлкү текшериле баштады. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур ырастады.

Текшерүү өткөн жылдын аягында президент Жээнбековдун басма сөз жыйынында журналисттер берген маалыматтардын негизинде жүргүзүүдө.
Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен иштен бошотулган.
Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.
Булак Азаттык.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here