Белгилүү улакчы Манас Ниязов аукцион аркылуу сатылган формасынын акчасын тапшырды

0
115

Белгилүү улакчы Манас Ниязов II дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда кийген формасын аукцион аркылуу 80 миң сомго саткан. Ал каражатты улак ойноп жатып жабыркаган Дастан Жакеевге дарыланууга жардам иретинде Ниязов өзү алып барып тапшырган.
Улакчынын формасы буга чейин интернетте аукционго коюлган. Анын баштапкы баасы 2 миң сомдон башталып, 10 күн аралыгында 80 миң сомго бааланып, сатылган эле.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here