Кыргыз-Казак чек арасында жоокерлерге каршылык көргөзгөн адам, октон каза тапты

0
63

Талас облусунун Казакстан менен чектешкен аймагында шектүү адамдарга, чек ара кызматкерлери ок чыгарышкан. Октун кесепетинен бир адам каза тапты.

Маалым болгондой 23-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу аймагында, кыргыз тараптан 15 жылкыны айдап, кошуна өлкөгө мыйзамсыз өтүп бараткандар аныкталган.

Чек арачылар мыйзам бузгандарды кармоо учурунда шектүүлөр каршылык көрсөтүп, бычак шилтешкен. Эскертүү иретинде чек арачылар асманга ок атышкан. Каршылыкты токтопогондон улам, кайрадан ок чыгарып, шектүүнүн бирөөсүнө тийип каза болгон.
Учурда эки өлкөнүн тиешелүү кызматтарына кабар берилди.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here