Өзгөндө 7 айылдын элин таза суусуз калтырган кытай компаниясына өкмөт чара көрөт

0
53

sputnik.kg сайты өкмөткө ишилтеме берүү менен жазып чыккандай Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Кум-Бел» көмүр кениндеги абал боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын алдын-ала жыйынтыгы чыкты.

Ага ылайык, жараксыз тоо-тек үймөгүн чогултуу долбоордук чечимден ашыкча жүргүзүлүп жатканы аныкталганын өкмөттөн билдиришти. Мурдараак интернет булактары кенден чыккан кир суу Зергер дарыясына кошулуп, Өзгөн районунун жети айылы (Токтогул, Алтыбай, Жаңы-Айыл, Кайрат, Ак-Коргон, Аюу, Зергер) таза суусуз калганы маалым болгон.

Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Дилмухамед Бокошев кенди иштеткен компания булак башына көмүр аралаш топурак үйө бергендиктен ушундай жагдай жаралганын билдирген. Б.А.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here