ВИЧ-СПИД илдети менен узак жашоого жана таза балалуу болууга болот!

0
108

Республикалык СПИД борбору жыл сайын беш жүздөн ашуун адам дартка чалдыгып жатканын билдирген. Өлкөнүн бир катар аймактарында илдетти алдын алууга багытталган иш-чаралар күчөтүлүп жатат. Адистер ВИЧ илдетине чалдыккан адамдарды убагында дарыланууга чакырып келет.  Ал арада жыл өткөн сайын бул илдет жаштар жана орто курактагы адамдар арасында көбөйүп, тынчсызданууну жаратууда.

Бириккен улуттар уюмунун  «Бириккен программасынын» баяндамасы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 2008-жылы Жер шарында 430 миң ымыркай иммундук жетишсиздик  демек, СПИД менен төрөлгөн. Натыйжада 15 жашка чейинки өспүрүм курактагы  балдардын саны 2,1 миллионго жеткен. Бул дүйнө коомчулугун ойлондура турган статистикалык көрсөткүч.

Илдеттин тарыхы

Илдет ти  биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Адам өмүрүн алган коркунучтуу илдетти Бириккен улуттар уюму 1996-жылы СПИДге каршы «Бириккен программа» кабыл алган. Дал ушул жылы Кыргызстанда ВИЧти алып жүргөн  биринчи учур катталган.

Ооруу тууралуу

2016-жылдагы маалымат боюнча  ВИЧти Кыргызстанда  жуктургандардын  56,6 пайызы жыныстык катнаш аркылуу, кан аркылуу 24,4 пайыз, белгисиз жол менен 16,6 пайыз, энесинен 2,1 пайызы жуктурган.  Ошондой эле ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаштагы адамдар. Көбүнчө адам илдетин билбей эле жүрүп кокустан эле дарыгерге барып өз илдетинен кабардар болот.

ВИЧ  менен жашоо

 

 

 

 

 

 

 

Бул бетин көргөзүүдөн жана атын атоодон баш тарткан жаран  26 жашта. Атын жашырып Айбек  деп  койдук. Ал Орусияда мигрант болуп жүрүп ВИЧ илдетин жуктурганын сезген эмес. Кыргызстанга эс алганы келип кайра кетээрде дарыгерге текшерилген соң ВИЧ аныкталган. Бой жеткен Айбектин илдетин бир апасынан башка  эч ким билбейт. Ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө. Эми Айбек үйлөнүүгө өзү теңдүү кыз таппай айласы кетип жүргөнүн айтат.

Айбек:  Бул дарт менен бир гана мен эле оорубайт экем. Көп эле адамдар жабыркайт экен. Убугунда бизге берилген бекер дарыларды ичип турам. Өзүмдүн эч жерим деле оорубайт, айылда атамдын малын багып азыр жакшы эле жүрөм. Атам, туугандарым үйлөн деп кыстайт. Ичи дартым ичимде, арманымды апам билип, мени колдоп турат. Түшүнбөстүктөн Орусияда жүргөнүмдө кыздарга көп барчуумун. Азыр ошого өкүнүп жатам.

ВИЧ-инфекциясы Ош шаары менен Ош облусунда көбөйүүдө

2018-жылдын 1-октябрына карата ВИЧ инфекциясы республиканын баардык аймактарында катталган көрсөткүчтөрүн аныктап чыкты. Анда илдетке чалдыккан 8 минден  ашык адам аныкталган. Бул 5 жыл мурунку жылга салышмырмалуу 2 эсеге көбөйгөн.

Эң көп катталган аймактарга Бишкек шаары да кошулду.  (1402 киши же республикада катталгандардын 15, 6 пайызын түзөт).  Ош шаары (1085 же 14,1 пайыз). Ош облусу (1441 же 18,3 пайыз). Чүй  облусу(2486 же 30,6 пайызды түздү).  Жалал-Абад  облусу (978 же болбосо 12, 1 пайыз). Ал эми ВИЧ инфекциясы азыраак катталган аймактарга Баткен (209 же болбосо – 2,5 пайыз). Ысык-Көл облусу (248 же 2, 9 пайыз адамды түздү). Нарын облусу  (168 же болбосо — 2, 0 пайыз). Талас  облусу  (120  же — 1,4 пайызды түзгөн).

Айта кетчүү  нерсе, Ош шаары менен Ош облусу ВИЧ-инфекциясынын өсүшү боюнча республикада  эң алдынкы орундарда келе жатат. Республикада катталган ВИЧ инфекциясынын 36,7 пайызы ушул аймактарга таандык болуп эсептелинет.

ВИЧ-СПИД илдети менен узак жашоо

Коомчулукка өзүнүн илдетин айтуудан тартынган Виталий 35 жашта. Ал ВИЧ илдети менен  9 жылдан берип жашап келет. Ал арада өзү теңдүү кызга үйлөнүп 2 балалуу болушкан. Дарыгердин көзөмөлүндө болгондуктан 2 баласында тең ВИЧ илдети жок.

Виталий:  Мен бул илдет менен жашап, иштеп кетүүгө болоорун түшүндүм. Чындыгында өзүмдү мисал кылып айтсам,  менин сүйүктүү жубайыб  бар. Балдарымды жакшы көрөм. Ар дайым дарыгерлер бекер берген дарыларды ичип турам.  Өзүмдү жакшы сезем оорубайм. Мен жаштыгымда чоң жаңылыштык кетиргениме өкүнүп келем. Ошондуктан жаштарга айтаарым, баңгизат колдоноордо, жыныстык мамиледе коргонууну унутбагыла. Өзүңөрдү ойлогула. Өмүр бою ВИЧ менен жашап калбагыла!  Бул оорудан качып кутулса болот экен. ВИЧке чалдыккан адамдарды биздин коом жиркенүү менен кабыл алып, ооруңду билип калса баары мамилени үзөт. Сиздер антбеңиздер! Аларга колдоо көргөзүп туруңуздар! ВИЧ социалдык статусуна же адамдын өңүнө карап жукбайт экен. Баардык адамга жугушу мүмкүн.

ВИЧ-СПИДке чалдыккан адамдардын өмүрүн күчтүү дары-дармектер гана узарта алат. ВИЧке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү ишке жарамдуу курактагылар. Аялдардын саны да жыл сайын өсүп жатат. Оорулуулар эгемендиктин алгачкы жылдарынан тарта каттоого алына баштаган. Ушул күнгө чейин ВИЧ жуккандар арасынан 1500 ашык адам көз жумган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка эл аралык донорлор 2018-жылдан тарта ВИЧтин алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2020-жылга чейин улантууга макул болушканын СПИД борборунан билдиришти. Маалыматтарга караганда 2021-жылдан тарта кыргыз өкмөтү ооруга каршы өзү аракет көрүшү керек. Бул жаатта улуттук программа да иштелип чыккан.

Даярдаган: Адыл Акжол уулу

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here