Ошто жөө адамды автоунаа сүзүп, экинчи унаа бир нече метрге чейин сүйрөп кетти

0
716

Ош шаарында автоунаа сүзүп, экинчи унаа бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен эркек киши каза болду. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, окуя 3-майда саат 23:00 чамасында болгон.Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз унаа А.Масалиев проспектисинде бара жаткан. Анын айдоочусу жөө адамды сүзгөндөн кийин окуя болгон жерден качып кетти. Ал эми анын артынан катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа маркумду бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен. Экинчи айдоочу унаасын токтотуп, жабырлануучуга жардам көрсөтүүгө аракет кылганы менен оор жаракаттын кесепетинен көп узабай көз жумган.Азырынча маркумдун өздүгү тактала элек. Териштирүү иштери жүрүп жатат. turmush.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here