Октябрь айылындагы турак үйлөрдү суу каптады

0
414

Бүгүн, 4-майга караган түнү саат 04:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Октябрь айылында 10 турак үйдүн короосун суу каптады. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, Коңурат каналынан суу ашкан.Болжол менен 1 турак үйдүн жер төлөсүнө, 4 ажатканага суу кирип, анын кесепетинен 2 ажаткана кулап түштү. Адамдар жабыркаган жок.Турак үйдүн жер төлөсүндөгү сууну сордуруу үчүн саат 09:10до ӨКМдин Кара-Суу райондук №25 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жөнөтүлдү. Учурда каналдын суусу азайтылып, райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ чыгып кетти. turmush.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here