Унааларды мажбурлап алып кетүү үчүн эвакуаторлор жетишпей келет

0
449

Бул тууралуу жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма-сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.“Эвакуациялоону тендерден өткөн жеке менчик фирма аткарып жатат. Бул азыркы учурда аз эле санда, Бишкек шаары боюнча 4 эвакуатор, Чүй боюнча 2, анан Ош шаары боюнча 2 эле эвакуатор иштеп жатат. Кээ бир жарандардын жанымдагы машине турат, менин машинемди алып кетип калыптыр деген дооматтары дагы кээде болуп калып атат. Бул ошол эвакуаторлордун жетишпегенинен болуп атат ”Белгилеп кетсек, туура эмес жерге токтотулган унааларды мажбурлап алып кетүү боюнча мыйзам былтыр апрелде күчүнө кирген. Бирок, ведомстводо эвакуаторлор жок болгондуктан, жеке менчик фирмага тендер өткөрүлгөн.
novosti.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here