Прокурор Эркин Курманалиевдин унаасын жардырган адам 21 жылга эркинен ажыратылды

0
556

Прокурор Эркин Курманалиевдин унаасын жардырган адам 21 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу  Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкери Эркин Курманалиевдин унаасын жардырган деп айыпталып кармалган 38 жаштагы А.Т. аттуу адамдын ишин 20-апрелде Октябрь райондук соту карап, өкүм чыгарган. Ага ылайык, анын мүлкү конфискацияланып, 21 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Эске салсак, 2016-жылдын 29-июль айында прокурор Эркин Курманалиев унаасына отуруп жатканда унасы жарылып кеткен. Күтүлбөгөн кырсыктан улам ал бир колунан жана бир көзүнөн айрылган. kaganat.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here