Оштогу өрт учурунда 5-кабаттан секирген кыз комада

0
701

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт учурунда 5-кабаттан кулаган кыз Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов билдирди.Эске салсак, 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында калаанын Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдө өрт чыгып, алгач 5-кабаттагы №22 жана №23 батирлерде башталганы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын бирөө терезеден кулап кеткени туурасында видео тараган.Сулаймановдун айтымында, жабыркаган кыз болжол менен 25-30 жаштарда. Азырынча аты-жөнү тактала элек. Өрт чыккан батирди ижарага алып жашап келген.
sputnik.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here