Нарында «КамАЗ” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен

0
396

Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айылында 2018-жылдын 7-февралында саат 11:00 чамасында мамлекеттик № 1339 IВ «КамАЗ” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаада 8 тонна солярка, 8 тонна бензин болгон. Кырсык болгон жерге саат 11:30да КР ӨКМнин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, жеке менчик 1 КамАЗ унаасы жана 1 трактор тартылып, саат 15:00дө унаа тургузулду.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here