Кочкордо бир күндө ар кайсы жерден табылган үч сөөктүн чоо-жайы аныкталды

0
30

Төө этектеринен сөөгү табылгандардын экөө эркек, бирөө аял киши болгон
Кочкор районунун тоо этектеринен сөөгү табылган үч кишинин экөө дайынсыз жоголуп изделип жаткан. Бул туурасында Нарын ОИИББдин маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, кечээ, 14-ноябрда белгисиз адамдардын сөөгү табылгандыгы туурасында милицияга кабарланып, аларды ӨКМдин куткаруучулары алып чыгышкан.

В

Кочкор районунда бир сутканын ичинде 3 белгисиз адамдардын сөөгү табылдыНарын облусунун Кочкор районунда 2017-жылдын 14-ноябры күнү саат 11:45де КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Арчалуу тилкесиндеги тоонун боорунан белгисиз адамдын жансыз сөөгүн алып түшүшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Чакыруу 102 кызматынан түшкөн.2017-жылдын 14-ноябры күнү саат 13:16да КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Орто-Токой участкасындагы Орто-Токой суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денесин алып чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Чакыруу 102 кызматынан түшкөн.2017-жылдын 14-ноябры күнү саат 16:22де КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Жылуу-Суу участкасында Чу суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денесин алып чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Чакыруу 102 кызматынан түшкөн.КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Опубликовано МЧС Кыргызстана 14 ноября 2017 г.

«Сары-Булак айылындагы тоо боорунан белгисиз адамдын сөөгүнүн калдыктары табылды. Анын эркек экени жана Кочкордун Ормон хан айылында жашаганы аныкталды. Маркум 2013-жылдын апрель айынан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал эми Орто-Токой суусунан сөөгү табылган жаран дагы ушул жылдын 8-октябрынан бери кабарсыз болуп издөөгө алынган. Ал 35-40 жаштар чамасындагы эркек болчу. Ушул райондун Кочкор айылынын тургуну болгон», — деп айтылат маалыматта.
Жогоруда белгилеген эки адамдын сөөгү туугандарына өткөрүп берилген.
Ал эми Теңдик айылынын Жылуу-Суу тилкесиндеги суу жээгинен сөөгү табылган жаран болжол менен 40-45 жаштагы аял. Учурда анын ким экени такталып жатат.
Ошондой эле аталган фактылар боюнча атайын экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды. sputnik.kg

 

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here