Талас облусундагы облустук жана райондук ооруканалар капиталдык оңдоодон өтөт

0
232

«Мамлекет тарабынан социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биз аларды этабы менен өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз», —  деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков.  Бүгүн, 24-июлда, Өкмөт  башчы Талас облусундагы социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анын айтымында мектеп жана мектепке чейин билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурулган болсо, азыркы тапта саламаттыкты сактоо тармагына басым жасалууда.Премьер-министр Талас облустук ооруканасына барып, андан кийин Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө барды. Ошондой эле Өкмө башчы Талас районунун Жон-Арык айылындагы жана Кара-Буура районунун Каныш-Кыя айылындагы бала бакчалардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Андан кийин ошол эле Кара-Буура районундагы орто мектептин абалын көрдү.
gov.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here