Түптө эки жигит көлгө чөгүп кетип, бири куткарылды

0
128

Түп районунда эки жигит көлгө чөгүп кетип, биринин өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Казакбаев билдирди.Анын айтымында, бүгүн, 24-июлда саат 14:50 чамасында Ынтымак айылынын аймагында эки адам көлгө чөгүп кетти деген маалымат РИИБге келип түшкөн. «Түп районунун Кең-Суу айылынан келген 1996-жылы туулган А.Эрмек айылдагы ФАПка жеткирилип, жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан каза болуп калды. Каза болгон жигиттин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди», — деди Б.Казакбаев.
www.turmush.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here