Орусия чочко тумоосунан улам Казакстан менен чек арасында карантин жарыялады

0
453

Орусиянын Новосибирск бийлиги ай башында коңшу Омск облусунун аймагында африкалык чочко тумоосунун очогу табылганына байланыштуу Казакстан менен чек арасында карантин зонасын киргизди.
Жугуштуу ылаңды жуктурган жаныбарлар Омск облусунун бир нече райондорунда табылган. Чочко тумоосунун жайылганына байланыштуу аймакта өзгөчө кырдаал киргизилип, кылмыш иши козголду. Өткөн аптанын соңунда Новосибирск бийлиги илдетти жайылтпоо үчүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирген.
centralasian.org

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here