Ленин чокусуна чыккан россиялык альпинист каза болду

0
450

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ленин чокусуна чыккан россиялык альпинист Юрий Курмачев көз жумду. Окуя 23-июлда болгонун «Комсомольская правда» маалымдады.
Маалыматтар боюнча, альпинист 6100 метр бийиктикке чыккан. Азырынча аба ырайына байланыштуу денени 5100 метрге гана алып түшүштү.
Юрий Курмачев — Сибирь федералдык университетинин математика жана фундаменталдык информатика институтунун математкиа кафедрасынын доценти болчу. Ошондой эле, тажрыйбалуу альпинист, спорттун чебери, 7 миң метрлик чокуларды багынтуучулардын арасында 20-катарда болуп, «ак илбирс» аталган. Ал эми, Ленин чокусунда 8 жолу болуп, бул ирет 9-жолу чыккан.
www.turmush.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here