Акыркы суткада Ош облусунда 2 адам сууга агып каза болду

0
437

Кара-Суудагы Нариман айыл аймагынын Жаңы-Кыштак айылында Ак-Буура суусуна 12 жаштагы бала агып кетти. Кечээ, 24-июлда сууга түшүп жатып агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери саат 19:30да убактылуу токтотулган, деп маалымдайт ӨКМ. Кийинчерээк саат 22:30 чамасында Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Худжообад районунун аймагынан өспүрүм баланын денеси табылганы тууралуу маалымдалган. Анын өздүгү такталып, Өзбекстандын чек ара кызматкерлери денени туугандарына өткөрүп беришти.
Ошондой эле, кечээ, 24-июлда Ашимахунов көчөсү аркылуу агып өткөн Яккалик каналына 54 жаштагы аял киши суу алуу үчүн барган. Суу алып жатып өзү сууга агып кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, денени Кара-Суу ройнунуна караштуу Нариман айылынан табышты. Издөө иштерине жалпы 15 куткаруучу тартылган.
www.turmush.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here