Сириядан «бейиш» издеген согушкерлердин маянасы белгилүү болду

0
420

Андагы маалыматтарга таянсак, согушкерлер өткөн айда үй-бүлөлүк макамына жана балдарынын санына жараша маяна алышкан.
Бойдоктор алган эң төмөнкү айлык 72 доллар же 95 миң ирак динарын түзгөн. Бирок анын 40 доллары тамак-ашына кармалып, колуна 32 гана доллардан тийген.

Афганистандагы АКШ жоокерлери. Архив

Ал эми имам ат-Тарамзи батальонунда иштеген үч балалуу Абу Жана (Abu Jana) аттуу адам айына 184 доллар, алты балалуу Абу Насер аттуу адам 256 доллар алары белгилүү болгон. Уюмдун ар бир жаранына айына 40 доллардан азык-түлүк бөлүнүп берилген.
Мосул шаарындагы жергиликтүү адамдардын айтканына караганда, айлык акы ар кандай кырдаалдарга жараша дагы өзгөрүшү мүмкүн. Негизинен айлык өсүү тартибинде төлөнөт, бирок ушул убакка чейин эч ким 300 доллардан ашык акча ала элек.
sputnik.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here