А.Тыныбекова эркин күрөш боюнча Польшада өткөн турнирде күмүш байге утту

0
425

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Poland Open 2017 эл аралык турниринде күмүш байге утту.
Азиянын 2 жолку чемпиону 58 кг салмакта күч сынашты. Бул салмакта жалпы 14 балбан кыз-келин таймашты. Тыныбекова 1/8 финалда Литванын балбанын жеңди. Андан кийин Белорусиянын, жарым финалда Германиянын балбанын жеңди. Алтын байге үчүн күч сынашууда Риодо өткөн олимпиаданын чемпиону, Хэлэн Марулиске утулуп, күмүш байгени ээледи. Тыныбекова бул таймашта ийининен жаракат алды.
75 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы заняла 5-орунду ээледи.
Булак:turmush.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here