Мырзалар кандай айымдарды тандашат?

0
867

Мырзалардын табитиндеги айымдар
«Күчтүү мырзанын артында, күчтүү аялзаты турат» деген түшүнүк бар. Албетте мырзалардын ийгилик жаратып, бийиктикке жетүүсүнө мыкты жубайдын таасири зор. Ошондуктан үйлөнөр астында, көпчүлүк жигиттер мүмкүн болушунча ажарына акылы дал келген кыздарды издеп башташат. Бул боюнча адистер байкоо жүргүзүп, мырзалар кандай кыздарды тандашарын иликтеп көрүшкөн. Анда назар салгыла.

Жөнөкөй
Кээ бир мырзаларга жөнөкөй айымдар жагат. Сыртынан өзгөчө, сулуу, акылдуу көрүнгөнү менен бой көтөрбөй, менминсинбей өзүн жөнөкөй сезген айымдарды баалашат. Сабырдуулук, жөнөкөйлүк үй бүлөлүк жашоодо маанилүү деп эсептелинет. Анткени, мындай айымдар менен өмүр кечирүү жеңил болооруна ишенишет.
Алсыз
Айымдардын негизги күчү алардын алсыздыгында жана бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алсыз айымдын жанында ар бир мырза өзүн күчтүү сезет. Алсыз айым эч качан алсыз экендигин айтпайт. Ал эми күчтүү айым, ар дайым өзүн күчтүү экенин далилдөө менен алек болот. Албетте, бул мырзалардын көз карашында. Күчтүү айымдын жанында болууну мырзалар жактырышпайт, анткени өздөрүн алсыз сезип, күчтүү айымга өздөрүнүн кереги жоктой сезишет. Алсыз айымдар ар дайым эле каалоолорун айта бербейт, жолдошунун пикири менен көбүрөөк эсептешет. Күчтүү айымдар болсо, баары колумдан келет деп, жолдошунун пикири менен эсептешпейт.
Тең салмактуу
Ашыкча коромжулукка жол бербей, үнөмдөөнү билген айымдар үй бүлөнүн каражатын максаттуу пайдалат деген пикирдеги мырзалар тең салмактуу сапатка ээ айымдарды жактырышат. Мындай айымдар, бир эле акчаны эмес убакытты да үнөмдөй билишет. Курбулар менен кезигип, убакытты текке кетирбей мыкты кожейке болуп үйдө отураарына ишенишет.
Сулуу
Кэ бир мырзалар көзү менен сүйүшөт. Демек, сулуулукту жактырышат. Бирок, ошол эле учурда табигый сулуулукка көбүрөөк көңүл бурушат. Андыктан келишимдүү, сулуу жубайлуу болгулары келет.
Акылдуу
Акылдуу десе эле, мен акылдуумун деп коомчулукка жарыялап, ар дайым өзүн акылдуу сезген эмес, байкатпай акылдуу болгон айымдарды жактырышат. Мындан сырткары акылдуу айымды мырзалардын пикиринде дагы үч сапат коштп жүрүшү керек. Жарашыктуу кийинүү, ички жан дүйнөсүнүн акылдуулугу жана интеллектуалдык жактан мыктылыгын көрсөтө билүүсү керек. Бирок, тилекке каршы айрым статистикалык маалыматтарга таянсак, акылдуу айымдардын көпчүлүгү турмуш курбай жалгыз болушат.
Тамашакөй
Ооба, айрым мырзаларга тамашакөй айымдар жагат. Анткени алардын көңүлүндө кири жок жана жашоо кызыктуу өтөт деп ишенишет. Албетте, бири- биринин тамашаны көтөрө билүү абдан жакшы сапат.
Жыйынтыктап айтканда, кандай болгон учурда да жаңылбай, адашпай бири- бириңиздердин мүнөзүңүздөргө төп келген түгөйлүү болушуңуздарды насип кылсын. Кантсе да, бардык нерсе Жараткандын колунда эмеспи. Андыктан жакшы жарды Жараткандан көбүрөөк сураңыз. (Т.Ж.к)

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here