Оштогу психикалык ооруулуу балдардын мектебинде кол өнөрчүлүккө көңүл бурулат

0
996

Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебинде 187 бала окуп билим алышат. Балдардын дээрлик баардыгы ар түрдүү нерв илдеттери менен оорушат Даун, аутизм, жеңил жана оор нерв ооруулары жана башка сыяктуу. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоонун түрдүү ыкмалары колдонулат. Бирок ушул илдеттерине карабастан бөбөктөр кийизден ар кандай кооз буюмдарды жасап, шейшеп тигип, бут кийим оңдоп, жыгачтан буюмдарды жасап калышкан. Мектеп директору Гулшан Сулайманованын айтымында, кол эмгек сабагы балдарга атайын киргизилген. “Балдар өз колдору менен бир нерсе жасаганда нервдери жайына түшүп жан дүйнөсү эргийт. Бул ыкма атайын долбоордун алкыгында иш жүзүнө ашып келген. Эми быйылкы жылдын июнь айынан бул долбоорубуз аяктайт” – дейт Гулшан Сулайманова. Андан ары бул балдарды кесипке үйрөтүүнү ким колдоого алат бул маселе азырынча чечилбей турат.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here