АСЕЛ КАСЫМОВА: «КЕЛЕЧЕКТЕ ЫРДАР-ЫРДАБАСЫМ МАГА ЖОЛУККАН АДАМДЫН ЧЕЧИМИНЕ ЖАРАША БОЛОТ»

1
912

Жаштар жактырып уккан «Эркелеп», «Бир сен үчүн», «Жалгызым» деген ырлары менен жеке ырчы катары сахнада жүргөн Асел Касымова учурунда «Кыз-Бурак», «Элегия» топторунун мүчөсү болгон. Ырчы менен маек куруп, күйөрмандары үчүн ал тууралуу маалымат алып берүүгө аракет кылдык.
– Асел, «Элегия» тобу эмнеге тарап кетти эле? – «Элегия» тобу 2015-жылы тарады, топтогу өнөктөшүм Айчүрөк экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик болгон жок, болгону экөөбүз жашоого, музыкага болгон көз карашы эки башка адамдарбыз. Мындай адамдардын бирге иштеши кыйын экен. Ырларга болгон табитибиз башка болуп, ага жаккан ыр мага жакпай, мага жаккан ыр ага жакпай, а түгүл кийинүүдө да табиттерибиз туура келчү эмес. Ошондуктан тынчтык жол менен эле эки башка кеттик. Айчүрөк кийин деле «Элегия» тобу болуп жүргөн, кийин эмне болду билбейм. Азыр көрүшкөндө саламыбыз түз.
– Топту Ибрагим Жунусов түзгөнүн билебиз, сен кандайча ырдап калдың эле?
– Мен музыкалык окуу жайда 1-курста окуп жүргөндө Айчүрөк: «Ибрагим агай топ түзөт экен», — деп калды. Агай бизге вокалдан сабак берчү, биз топко кабыл алынмай болдук. Ата-энеме айтсам макул болушту. Ошентип үч кыздан турган «Элегия» тобу түзүлдү. Бирок бир кызыбыз себептерден улам топтон кетип, Айчүрөк экөөбүз эки жыл иштедик.
– Ага чейин «Кыз-Буракта» ырдачусуң э?
– Ооба, менин чыгармачылык сапарым «Кыз-Бурак» тобунан башталган. Ал топто Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдаровалар менен ырдагам. Менин апам да учурунда «Кыз-Бурак» тобунда иштеген. Ал топтун 20 жылдыгына барса, Кенже Дүйшеева: «Топко кыз издеп жүрөм, кызыңыз барбы?» — деп сураган экен. Анан топко барып, бир жумадан кийин эле сахнага чыгып кеттим. Ал убакта азыркыдай той жок, айлап гастролдоп жүрүшчү. Бирок мен сабагыма карап аз эле ырдап калдым. Анткени ошол маалда эки окуу жайдан билим алып жаткам.
– Анда эки дипломдун ээси турбайсыңбы?
– Учурунда англис тилиндеги ырларды көп укчумун, ошондо эмне деп ырдап жатканын түшүнө албай жүрөгүм кысылып кетчү. Ошондуктан Чет тилдер факультетине тапшыргам. Ал жакта экинчи курска чейин аябай кызыгып окудум, кийин чыгармачылыкка аралаша калып сабактардан артта калдым да, ошо бойдон окуума барбай койдум. Музыкалык окуу жайда болсо бюджеттик бөлүмдө окучумун, анын фортепиано бөлүмүн окуп бүтүрдүм.
– Азыр чыгармачылыгың кандай уланып жатат?
– Баары эле мени; «Көрүнбөй кеттиң», — деп калышат. Мен жанталашпаган «Кудай буйруганда баары болот» деп жашаган адаммын. Кудай буйрубаса тытынсаң деле эч нерсе жок экенине көзүм жеткен. Анткени канча эмгек менен жазган ырларым эмес, жөн эле жаздырып койгон ырларым хит болуп кеткен. Кудайга шүгүр, той, кечелерге чакыруулар болуп турат. Тапкан каражатым өзүмө жетет. Бишкекке келсем деле болмок, бирок популярдуулукка деле өтө кызыкпайм. Ата-энем да бул жакта, өзүм да Ошто өскөндүктөн Ошту сагынып, Ошко тартыла берем.
– Ырларыңды кайдан жаздырасың?
– Мага оңой менен бир нерсе жакпайт. Жакпай калган нерсе болсо, өзүмдү-өзүм жеп коём. Андыктан башканы да кыйнабайын, өзүм да кыйналбайын деп ыр жаздырганда Оштон эмес, Бишкектен сапаттуу студиялардан жаздырам.
– Өзүңдү ырчылыктан башка дагы кайсы тармактан көрсөм дейсиң?
– Мен жашоодо үч гана нерсеге баш ийем: Кудай, ата-энем жана күйөөм. Ошондуктан кайсы тармакта болом, келечекте ырдаймынбы жокпу, мага жолуккан адамдын чечимине жараша болот. Азыр «ырдайм» деп шыктанып, өзүмдү ошол нерсеге үгүттөгөн жокмун. Анткени «ырдабайсың» деп койсо сынып калышым мүмкүн. Атам деле чыгармачылыкты баалаган адам, бирок апамды ырдатпай койгон. Үй-бүлөдө аял эркекке баш ийиши, сыйлашы керек. Мен ырдабай калсам, өзүмө ишенем, кайсы ишти болбосун кылып кете алам.
– Турмушка чыга турган учуруң келип калды, той качан?
– Ооба, чынында турмушка чыкчу кезим келди. Бирок: «Күйөөгө тийишим керек», — деп эч качан башымды оорутуп, кайгырып олтурбайм. Жеке жашоомдо баары жакшы, жакшы көргөн адамым деле бар. Кудай буйруган күнү той болор, алдын ала айткым келбейт. Көзүм жетип эртең той дегенде гана ачыкка чыгарбасам, айтып туруп буйрубай калган учурлар башымдан өткөн. Негизи эле өзүм элге жеке жашоом тууралуу жар сала бергенди жактырбайм.
– Канча жашыңдан баштап акча таба баштадың эле?
– «Кыз-Бурак» тобуна жаңы кирген учурда, 7-классымда алгач 300 сом айлык алганым эсимде. Ал кездеги 300 сом, азыркы беш миң сом менен барабар эле. Абдан кубанып акчама териден тигилген босоножки сатып алгам. Кийин айлыгым 500, миң сомго чейин көтөрүлдү, керектүү нерсенин баарын өзүм сатып алчумун. Ата-энем деле алып берчү, бирок мойнуна олтуруп «тигини алып бер, муну алып бер» деген эмесмин.
– Ата-энең кайсы кесиптин ээлери?
– Апам отуз жылга жакын автобекетте кассир болуп иштеди. Азыркы учурда Транспорт министрлигинде иштейт. Атам болсо Ош облусу жана Ош шаары боюнча омбудсмен. Отуз беш жыл милиция болуп иштеген, полковник наамы бар. Беш бир тууганбыз, мен үйдүн улуу кызымын. (Э.Д.)

1 ой пикир

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here