Жаш өспүрүмдөн жаңы табылга

0
1441

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы мектептердин биринде 7-класста окуган Рустам Мамазарип уулу “сырдуу калпак” деген эмгегин бир аптада жасады. Ал калпактын касиети кадимки жандай көргөн смартфонубузду заматта кубаттандыргандыгында. Электр тогу жок тарапта жүргөн болсоңуз, кийип жүргөн калпагыңызга телефонду кубаттайсыз да, каалаганча колдоносуз.
Баткенде өткөн жаш ойлоп табуучулардын сынагында бул табылга кызыгуу жаратып, оозго алынды. Рустам өзүнүн табылгасы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтат.
“Кадимки күндөн энергия алуу ыкмасын колдондум. Калпакка коюлган жабдык менен телефон USB-зым менен туташат да, смартфон кубат ала берет. Күндүз алынган энергия түнгө да жетет. Кадимки токко сайганда кубаттоого канча убакыт кетсе, телефон күндөн деле ошондой убакта кубат алат”, — дейт Рустам. (Т.Ж.к.)

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here