Ош шаарында дагы бир жаңы көпүрө ачылды

0
1290
Ош шаарынын Достук аймактык кеңешиндеги Санкт-Петербург көчөсүндө жайгашкан “Кайырма” каналы аркылуу өтүүчү жаңы көпүрөнүн ачылышы болду. Иш чарага, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты. Иш чарада шаардык Кеңештин төрагасы Ж. Ормонов жаңы көпүрөнүн ак жолтой болушун каалап, Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн алдыда жасала турган иштер көп экендигин белгиледи.
“Албетте шаарыбыздын толук кандуу ар тараптан өнүгүү
сүндө дагы бир топ иш аракеттерди жасообуз абзел. Шаарыбыздын бардык аймактарында Шаардык Кеңештин депутаттары си
здердин көйгөйлүү маселелериңиздерди көңүл борборунда тутуп, аны чечүүнүн үстүндө иш жүргүзүүгө аракет кылып келишүүдө. Бул көпүрө да бүтүп,депутаттарыбыз сиздерге берген убаданын үстүнөн чыгып, айткандарын далилдеп отурушат.”, — деди Ж. Ормонов.
Бул кезге чейинки көпүрө авариялык абалда болгондуктан жаңы көпүрөнун курулушу, 2016-жылдын аягында башталган. Жалпы сметалык баасы 8 млн сом, тендердик баасы 5 млн 401 миң сомго бааланып, Жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду.
(Д.К)

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here