Сулайман-Тоодогу Үнкүр музейин көптөр билгени менен аны негиздеген автор туурасында кабардар эмес

0
739

Ишемби күнү музейдин түптөлүшүнө эбегейсиз чон салым кошкон Кубанычбек Назаровдун ысымы жазылган тактайча орнотулду. Иш-чарага маданият,маалымат жана туризм министри ошондой эле маданият ишмерлери катышты. Мындан тышкары бул күнү министр маданият ишмерлери менен жыйын куруп, алдыдагы иш пландар, келечек, жалпы эле маданият туурасында талкуу жүрдү. Өткөн доордун 70 –жылдары бош жаткан үңкүрдү музейге айлантуу долбоорун ойлоп тапкан архитектор Кубанычбек Назаровдун эмгеги бааланды. Музейге анын ысымы жазылган тактайча үңкүрдүн кире беришине орнотулду.
Анткени Сулайман-Тоо деп зыярат кылганыбыз менен ким негиздегенин көпчүлүк биле бербейт болчу. Эми ар бир келген турист, шаардыктар да Кубанычбек Назаровдун эмгекин баалайт. Күндүн экинчи жарымында министр аймактагы маданият тармагында эмгектенгендер менен чогулуп,быйылкы жылда аткарылып жаткан жумуштар, алдыдагы иш-пландар ,жөнүндө талкуу кылды. Жыйында ар бир маданият кызматкери ой пикир айтып, министрге сунушунташты. Ошондой эле түштүк регионундагы 3 облусту бириктирген маалымат, маданият жана туризм министрлигинин түштүк аймактык борбору ачылды. Ага Асан Мансуров жетекчи болуп дайындалды. Талкуу суроо-жооп иретинде өтүп быйылкы» адеп,ыйман жана маданият «жылындагы бир катар маселер көтөрүлдү. Алардын бири Сулайман-Тоо бооруна этношаар куруу долбоору айтылды.
Ал ишке ашып калса, аймактардагы уста, уздардын эмгектери жайылып, кол өнөрчүлүк өрчүмөк деген ойлорду ортого салышты. Министр жетишкендиктер менен кошо, кемчиликтерди да оңдоону эскертти. Быйылкы «ыйман, адеп жана маданият» жылында көп жумуштар пландалган. Жыйын соңунда ,айрым маданият кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Аны менен катар эң мыкты маданият үйү, мыкты китепкана наамы да берилди. Бул күнү жайкы сөрөт көргөзмөсү да ачылды. Ага Оштук кыл калемгерлердин, атактуу жана жаш сүрөтчүлөрдүн графика, живопись сырын ачкан эмгектери илинди. Баарында кыргыз жеринин кооздугу, жайлоо, боз үй, жада калса көчмөн турмушуна чейин чагылдырылган. (Ф.А.)

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here