Быйыл жаз жаанчыл болуп, жайда күн катуу ысыйт

0
1925

Жер шарынын жаратылышында чоң өзгөрүүлөр болууда. Мындан улам быйылкы жаздын кечеңдеп, жаанчыл болушун астролог Манас Джаанбаев айтат. Анын билдирүүсүндө, жаратылыш бир бүтүндүк болгондон кийин өзгөрүүлөр Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө. Манас Джаанбаев азыр астралдык эранын өткөөл мезгили дейт. Өзү түзгөн жылнаамага ылайык, жер жүзүндөгү кубулуштар, процесстер баары бири бир менен байланышта болгондуктан, бир континенттеги өзгөрүүлөр Кыргызстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Азыркы климаттын өзгөрүүгө учурашы — жылдыздар доорунун алмашуусуна байланыштуу экендигин география илимдеринин доктору Курманалы Матикеев айтат. Ал эми экологиялык бузуулардын таасир этүүсү аалам үчүн эч нерсе болбой эле калгандыгын илимпоз ырастайт. Жаанчыл аба-ырайы апрель айынын ортосуна чейин уланат. Андан кийин климат күндүн катуу ысышы менен айырмаланат. Быйылкы жайда да күн нормадагыдан кескин жылый турган болууда.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here