«ОшТВ» телерадиокомпаниясы тарыхы

0
645

 ОшТВ телеканалы өз ишмердүүлүгүн 1991-жылы март айында  баштаган. Борбордук Азиядагы биринчи көз  карандысыз телерадио компания катары негизделип, коомдогу социалдык, экономикалык,  саясий окуялар, шаардын жашоосун обьективдүү жана ачык айкын  чагылдырууну максат кылып койгон. Бүгүнкү күндө ОшТВ телеканалы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында коңшу  Өзбекстандын Наманган, Андижан облустарында көрсөтөт. Аптанын жети күнү эфирге чыгып, 18-17 саат программасы менен көрүүчүлөрдү тейлейт. Чейрек кылымдан бери ОшТВ ТРК  жарандар менен бийликтин ортосундагы алаканы бекемдөөгө барандуу салым кошо алды. Учурда Ош шаарындагы, облустагы мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү кеңеш, облусттук шаардык ички иштер башкармалыктары, саламаттыкты сактоо мекемелери калкка зарыл болгон  маалыматты биринчи кезекте ОшТВ аркылуу жеткирүүгө аракет кылат. Мындан тышкары түз эфирге чыгууга  шарт түзүп берет. Аймакта ОшТВ ТРК орду бар. Көрүүчүлөрдү канаттандырган программалары менен дайыма алдыда келет. Буга түрдүү уюмдардын жүргүзгөн мониторингдери далил болуп берет. Жакында эле ТНС компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн  сурамжылоодо ОшТВ ТРКсы түштүк жергесиндеги телерадиокомпаниялар  арасынан 8% көрсөткүчтү  багындырды. Бул аймактык канал үчүн чоң жетишкендик. Ошондой эле ОшТВ телекананын туруктуу  аудиториясы  бар экендигин  тастыктайт. Ош шаарында 4-санарип каналында көрсөтөт.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here